Өлкөнүн түштүгүндө айдап-себүү иштери башталды

Автор

Өлкөнүн түштүгүндө айдап-себүү иштери башталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Лейлек жана Кадамжай райондорунда, Ош облусунун Араван жана Кара-Суу райондорунда, Жалал-Абад облусунун Ноокен, Базар-Коргон жана Сузак райондорунда жер айдоо иштери жүрүүдө.
Белгиленгендей, тиешелүү жерлер азоттук жер семирткичтер менен азыктандырылды. Учурда кылкандуу дан өсүмдүктөрүн себүү иштери жогорку темпте аткарылууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Крокус терактына шектелген онунчу адам камалды

Москванын Басман соту Крокус Сити Холл концерттик залында болгон теракт боюнча тажикстандык Якубжони Юсуфзоданы камакка алды. Сот жабык эшик артында өттү. Юсуфзоди Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин терроризм пункту боюнча айыпталууда. Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, ал адам Крокуска кол салуудан бир нече күн мурда шериктеринин биринин эсебине акча которгон. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн