Эртең, 11-майда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +11… + 16, күндүз +16… +21, Талас облусунда түнкүсүн +10… + 15, күндүз +15… +20, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +11… +16, күндүз +18… +23, Ысык-Көл […]
Автор
Марадонанын “Алтын топ” сыйлыгы аукционго коюлат
Белгилүү аргентиналык футболчу Диего Марадонанын 1986-жылы футбол боюнча дүйнө чемпионатында алган “Алтын топ” сыйлыгы аукционго коюлат. Аукцион Францияда 2024-жылдын 6-июнунда өтөт. Сыйлыктын потенциалдуу сатып алуучулары аны бир нече күндөн кийин коомдук көргөзмөдө көрө алышат. Эске салсак, Марадона 2020-жылы 25-ноябрда 60 жашында каза болгон. Аргентиналык футболчу 20-кылымдын мыкты футболчусу деп таанылган.
Малайзиянын премьер-министри Кыргызстанга келет
Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим 15-16-майда расмий сапар менен Кыргыз Республикасына келет. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. “Бул сапар Малайзиянын премьер-министринин Борбор Азия боюнча сапарынын алкагында өтөт, биринчи барган өлкө – Кыргызстан болот. Сапардын жүрүшүндө жогорку жана бийик деңгээлдеги жолугушуулар пландаштырылууда. Жолугушууларда Кыргызстан-Малайзия мамилелеринин бардык […]
Садыр Жапаров комуз тибиндеги пирс курулмай болгонун айтты
Президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарындагы Рух-Ордо комплексинде комуз формасындагы пирсти куруу долбоору өзгөрүүсүз ишке ашарын айтты. Бул тууралуу президент «Кабар» улуттук агенттигине курган маегинде билдирди. Анда президент социалдык тармакта жүргүзгөн сурамжылоого катышкандардын 96 пайызы «комуз-пирс» курууга макул болушканын белгиледи. «Сурамжылоодо элдин көпчүлүк бөлүгү, тагыраагы, 96 пайызы макул деп добуш беришти. […]
Апрель тарыхта эң ысык ай болду
Апрель айы тарыхтагы эң ысык ай болду Быйылкы жылдын апрель айы тарыхтагы эң ысык болду. Муну европалык климаттык кызматтын маалыматтары тастыктайт. Рекорддор 11 ай катары менен коюлду. Эксперттердин айтымында, климаттын өзгөрүшүнүн негизги себеби – күйүүчү майларды күйгүзгөндөн чыккан парник газдары. Бул кургакчылык жана суу ташкындары сыяктуу аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө […]
«Манас» аэропорту дагы бир учак сатып алат
“Манас” аэропорту туунду компаниясына (“Asman Airlines”) канадалык дагы бир учак сатып алууну көздөөдө. Бул тууралуу “Манас” аэропортунан билдиришти. 25-апрелде өткөн акционерлердин жыйынында “Манас” эл аралык аэропорту” ААК тарабынан компаниянын өздүк каражаттарынын эсебинен “DHC-8-402” учагын сатып алуу колдоо тапты. Учак качан сатып алынары азырынча белгисиз. Алар учакты сатып алууга Кыргызстандын бардык […]