Украина 2024-жылы Парижде өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына катышууну жарыялады. Бул тууралуу Украинанын Жаштар жана спорт министрлиги расмий билдирүү жасады.
Билдирүүдө “Бул оюндар Украина үчүн өзгөчө мааниге ээ, анткени бул дүйнөгө биздин эркибизди жана кайратыбызды көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк болуп саналат”, – деп айтылат.
Кечээ Украинанын спорт министри Матвей Бедный менен Улуттук Олимпиада комитетинин президенти Вадим Гутзейт бейформал жолугушуу өткөрүп, анда украиналык спортчулардын Парижге сапарынын чоо-жайын талкуулашты.