Садыр Жапаров: “Ысык-Көлгө сиз күйбөй эле коюңуз”

Автор

Президент Садыр Жапаров жалган маалымат тараткан Анастасия Ахметова аттуу чет элдик блоггерге жооп берди. Анын тарткан видео кайрылуусунда Кыргызстандагы уранды иштетүүгө Британиялык белгилүү фирмалар аралашып жаткандыгы, мындан улам Ысык-Көл коркунучка кептелгени айтылат. Президент блогер айымды чагымчыл деп атап, элди козутуп, бүлүк салуу аракетин ишке ашырып жатканын айтты.
“Экономикабыздын өсүп жатышы баарына эле жага бербеши белгилүү. Өлкөбүз алсырап, мекенибизде дестабилизация болушун каалаган сырткы күчтөр толтура. Сырткы душмандар ички иштерибизди өздөрүнүн ыңгайына талдамыш болгондордун жетегине кирип, сөздөрүнө ишенип кетпеңиздер. Жогорудагы блоггер айымга жана башкаларына да айтаарым, сөз болгон жерде урандын үлүшү 0,17 гана пайыз. Ал жакта негизги кен титаномагнетит. Титаномагнитетти алып кетсек уран да тазаланып калат. Ысык-Көлгө сиз күйбөй эле коюңуз Анастасия айым. Ысык-Көлгө биз, кыргыздар күйүп, өзүбүз сактап алабыз”,- деди президент.

Бөлүшүү:
Next Post

Жаңы каттам ачылды, баасы арзан

“Ош-Бишкек” каттамын жандандыруу үчүн жаңы маршруттук линия ачылды. Эми Оштон эрте мененки 07:30 да, Бишкектен саат 08:00 дө спринтер автоунаалары жол алат. Баасы 1000 сом. Спринтерлер жаңы жана ички жасалгасы аркылуу жүргүнчүлөргө ынгайлуу шарттар түзүлгөн. Эгер жүргүнчүлөр көбөйсө, спринтер унааларынын саны көбөйтүлөт. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн