29-марттын аба ырайы

Wp Pw

29-мартта өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан-чачын күтүлөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +12…+17, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +7…+12, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +6…+11, күндүз +14…+19, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18, Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +13…+18. Бишкекте […]

Бирдиктүү салык системасы: Эки айда 2,1 млрд сом чогултулду

Wp Pw

Январь-февраль айларында бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча 2 млрд 172,8 млн сом салык чогултту.Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 млрд 267,8 млн сомго көп жыйналган. Ошондой эле салык салуунун бул системасын колдонгон салык төлөөчүлөрдүн саны да өсүүдө. […]

Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы кармалды

Wp Pw

Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Т.А. акча каражаттарын пара катары берүү учурунда кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактыларын аныктоого багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Т.А. […]

Чукул билдирүү! Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болот

Wp Pw

Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты. Маалыматка ылайык, жакынкы эки саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болот. Батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Буга байланыштуу министрлик шаардыктарды этият болууга чакырат жана шамал болгон кезде коопсуз […]

Сот Матраимовдун бир туугандарын эки айга камакка алды

Wp Pw

Ош шаардык сотунун чечими менен Русланбек жана Исламбек Матраимовдор 18-майга чейин камакка алынышты. Аларга “кылмыштуу каражаттарды адалдоо” беренеси коюлду. 26-мартта УКМК бир тууган Матраимовдорду Азербайжандын Баку шаарынан колго түшүрүп, Бишкекке алып келген.

Блоггер 5 күнгө камалды

Wp Pw

Өзүн блогер катары тааныткан Нурболот Турганбаев аттуу жигит көчөдө тартип бузуп, бейтааныш кызга акаарат келтирген үчүн 5 суткага камалды. Мындай чечимди 27-мартта Ош шаардык соту чыгарды. Ал Укук бузуулар жөнүндө кодекстин “Майда бейбаштык” беренеси менен айыпталууда. Ага чара көрүүнү өтүнүп, Азамат Ормокеев аттуу активист кайрылган. 26-мартта болсо, акааратка кабылган ошол […]