Министрлик Камбар-Aта-1 ГЭСи боюнча маалымат берди

Автор

“Камбар-Ата-1” ГЭСине кире турган жолдун узундугу 5,6 чакырым. Анын ичинен 2,8 км жолдун тротуарынын негизи даярдалып, бетон төшөлүп бүттү. 1388 метр тоннелдин бир тарабынан 64 метр, экинчи жагынан 5 метр казылды. Нарын дарыясынын агымын буруп, электр жарыгын тартуу үчүн дамба курулууда. Ошондой эле көпүрө, жумушчулар үчүн убактылуу лагерь куруу иштери жүрүүүдө. Мындай маалыматты Энергетика министрлиги таратты.
ГЭСти куруу 2024-жылы башталган. Биринчи агрегаты 2028-жылы ишке берилиши күтүлүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Ибрахим Раиси коштошуу зыйнатына Бакыт Төрөбаев катышууда

Иран Ислам Республикасынын каза болгон Президенти Ибрахим Раиси менен расмий коштошууга Кыргызстан тараптан министрлер кабинетинин төрага орун басары Бакыт Төрөбаев катышып, президент Садыр Жапаровдун жана минкаб төрагасы Акылбек Жапаровдун атынан көңүл айтты. Мындай маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Белгилей кетсек, Ирандын каза болгон президенти менен коштошуу зыйнатына көптөгөн мамлекеттердин […]

Сизге жагышы мүмкүн