Польша россиялык ракеталарды атуу планын жарыялады

Автор

Техникалык маселелер талкууланып жатат, бирок азырынча конкреттүү чечим жок экенин өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Варшава Украинанын чек араларына жакын жердеги аба мейкиндигин коргоого жардам бере алат. Бул тууралуу Польшанын Тышкы иштер министрлигинин спикери Павел Вронский билдирди.
Ал поляк бийликтери абадан коргонуу системаларын колдонуу мүмкүнчүлүгүн изилдеп жатканын тактады. Анын айтымында, буга чейин украин тарап жардам сурап Польша бийлигине кайрылган. Учурда бул маселени эл аралык укук боюнча эксперттер жана техникалык адистер изилдеп жатышат. Азырынча конкреттүү чечимдер жок.
Буга чейин Украинанын лидери Владимир Зеленский НАТОдон россиялык ракеталарды атып түшүрүүнү суранары айтылган. Бул тема Нормандия операциясынын 80 жылдыгына арналган иш-чарада талкууланат.

Бөлүшүү:
Next Post

Көзү ачыктарды жарнамалоого тыюу салган мыйзам экинчи окууда жактырылды

Жогорку Кеңеш көзү ачыктарды, сыйкырчыларды жана алар көрсөткөн кызматтарды жарнамалоого тыюу салган мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. Мыйзамга ылайык, көзү ачык, бүбү-бакшыларды телерадио, интернет сайт, социалдык тармактар ж.б. аркылуу жарнамалоого тыюу салуу сунушталууда. Демилгечи депуттар мындай тыюу кыргызстандыктардын аң-сезимин манипуляциялоонун алдын алуу үчүн керектигин айтышты. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн