Шайлоо өнөктүгүндө сахна урап, тогуз киши набыт болду

Автор

Мексиканын Нуэво-Леон штатындагы Сан-Педро шаарында шайлоого үгүт иш-чарасы учурунда сахна кулап, тогуз киши көз жумса, 63 киши жарат алды. Бул тууралуу штат губернатору Самуэль Гарсия билдирди.
Окуя “Жарандык кыймыл” партиясынын талапкери Лорения Каннаватинин шайлоо өнөктүгү учурунда болгон. Аны менен бирге сахнага «Жарандык кыймылдан» Мексиканын президенттигине талапкер Хорхе Альварес Мэйнс, Нуэво-Леон штатынан сенатка ат салышып жаткан Марта Эррера болгон.
Видео жазууларга караганда, катуу шамал чоң экраны бар металл конструкцияны учурган. Талапкерлердин үстүнөн өтүп, көрүүчүлөргө кулаган.
Шайлоо митинги бейсбол стадионунда өтүп, саясатчылар жыйынтыктоочу сөзүн айтып жаткан.

Бөлүшүү:
Next Post

Иранда талапкерлердин күрөшү башталды

Иранда Ибрагим Раисиден бошогон орун үчүн саясий чөйрө арасында кырчылдашкан күрөш башталды. Президент Ибрахим Раиси өлкөнүн диний лидери Аятолла Хаменейинин мураскери катары каралып жаткан. Бирок, ажал аны 63 жашында алып тынды. Эми 28-июнда Иранда президенттик шайлоо өтөт. Талапкерлердин катарында учурдагы спикер Мухаммед Галибав бар. Ал Тегеран шаарынын мурдагы мэри. 3 […]

Сизге жагышы мүмкүн