Мыйзамсыз күйүүчү майды ташыган 36 автоунаа аныкталды 

Автор

Казакстандан Кыргызстанга контрабандалык күйүүчү майды кошумча бактар менен жабдылган 36 автоунаа ташыган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 36 автоунаанын ичинен 29у жеңил унаа.

“Бүгүн, 30-мартта Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына кошумча күйүүчү май бактары орнотулган жети жүргүнчү автобус алып келинген. Автобустар дизелдик кыймылдаткычтар менен жабдылган, бирок май куюучу бактарында бензин табылган. Жалпысынан контрабандалык 23 тонна күйүүчү май аныкталган”, – деп айтылат маалыматта.

Автобустарда контрабандалык күйүүчү майларды ташууга мүмкүндүк берүүчү автономдук өчүргүчтөр орнотулган.

Учурда автоунаалар убактылуу токтотуучу айып кароо жайына токтотулуп, айдоочуларга Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык (5500 сом) айып салынган.

Чогултулган материалдар тергөө кызматы тарабынан маалыматты каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Бөлүшүү:
Next Post

 «Айгүл-Тоо» коругуна 3 жылга чейин кирүүгө тыюу салынды

Жарандарга «Айгүл-Тоо» ботаникалык коругуна 3 жылга чейин кирүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу Баткен токой чарбасы эскертет. Маалыматка ылайык, мындай чара Баткенде өскөн уникалдуу Айгүл гүлүн сактап калуу жана көбөйтүү максатында көрүлүп жатат. Жарандарга 2023-жылдын 1-апрелинен тартып, 2026-жылдын 1-апрелине чейин ботникалык коруктун аймагына кирүүгө болбойт. Айгүл гүлү Баткендеги Айгүл-Таш тоосунун беттеринде […]

Сизге жагышы мүмкүн