Улуттук банк 31,5 млн доллар сатып алды

Автор

Кыргызстандын Улуттук банкы 31 млн 500 миң долларга валюталык интервенция жасады. Бул тууралуу банктын сайтында маалымдалат.
Улуттук банк ушуну менен жыл башынан бери 7-ирет чет элдик валютаны сатып алууда.
Эскерте кетсек, буга чейин Улуттук банк 7-майда — 17,7 млн доллар, 26-апрелде — 24,5 млн доллар, 22-апрелде — 25 млн 850 миң доллар, 16-апроелде — 19,2 млн доллар, 8-апрелде — 17,1 млн доллар жана 29-мартта 9 млн доллар сатып алган.

Бөлүшүү:
Next Post

Дамба жарылды: 150дөн ашык тургун көчүрүлдү

Казакстанда Атырау облусунун Махамбет районундагы Жалгансай айылында кечээ кечинде курулган дамба жарылды. Айылдын тургундары эвакуацияланды. Учурда айылдык медициналык пунктту суу каптоо коркунучу бар. Кырдаалды турукташтыруу үчүн облус борборунан кошумча күчтөр жана каражаттар суралган. Саат 04:00гө карата эвакуациялоо борборлоруна 154 адам жайгаштырылды, анын 96сы балдар. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн