Иранда талапкерлердин күрөшү башталды

Автор

Иранда Ибрагим Раисиден бошогон орун үчүн саясий чөйрө арасында кырчылдашкан күрөш башталды.
Президент Ибрахим Раиси өлкөнүн диний лидери Аятолла Хаменейинин мураскери катары каралып жаткан. Бирок, ажал аны 63 жашында алып тынды. Эми 28-июнда Иранда президенттик шайлоо өтөт. Талапкерлердин катарында учурдагы спикер Мухаммед Галибав бар. Ал Тегеран шаарынын мурдагы мэри. 3 жолу президенттик шайлоого катышып, бирок, жеңилүүгө учураган. Экинчи талапкер, Саит Желеви АКШ менен ар кандай келишимдерге каршы сачсатчы катары таанымал. Ал мурдагы президенттик шайлоого 2 жолу катышып, утулган. Үчүнчү талапкер, Али Ларижани болушу мүмкүн экени айтылууда. Ал Раисиге жакындыгы менен таанылган саясатчы. Ал эми мурдагы президенттер Хасан Рухани менен Махмуд Ахмадинежад жана мурдагы тышкы иштер министри Жеват Зарифин дагы талапкер боло тургандыгы саясий чөйрөдө божомолдонууда. Талапкерлерди каттоо ушул айдын аягында баштайт. Бирок, талапкер жарышка аттануу укугуна ээ болуу үчүн Конституцияны коргоо уюмунан колдоо алышы керек.

Бөлүшүү:
Next Post

Ташкент - Тамчы аба каттамы 16-июнда ачылат

2024-жылдын 16-июнунан тарта Silk Avia өзбек авиакомпаниясы Ташкент менен Ысык-Көлдүн ортосунда аба каттамдарын ачат. Каттамдар жумасына үч жолу – шейшемби, бейшемби жана жекшемби күндөрү (жергиликтүү убакыт боюнча) болот: “Ташкент — Тамчы” — учуу 9:30, конуу 12:35; “Тамчы — Ташкент” — учуу 13:35те, конуу 14:50де. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн