Бишкекте «Жамийла» биринчи улуттук мюзиклинин бет ачары өтөт

Автор

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Чыңгыз Айтматовдун повестинин негизинде даярдалган “Жамийла” биринчи улуттук мюзиклинин бет ачары 12-апрелде өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, «Жамийла» мюзикли – бул оригиналдуу автордук музыка, поэзия, видео контент, көркөм жасалга, заманбап сценография, кыргыздын салттуу маданияты, тарыхый […]

Кыргыз кинематографиясынын ийгилиги

Автор

Кыргыз кинематографиясынын ийгилиги Режиссёр Руслан Акундун “Бейиш эненин таманында ” тасмасы Казакстанда 4 күндө 1 миллион доллар чогултту. Бул тууралуу соцтармакта кыргыз тасмасынын ийгилигине куттуктоолор жазылууда. Казак көрүүчүлөр кыргыз тасмасын жакшы маанайда кабыл алып, мактап жатышат. Мына ушул багытта иштешибиз керек деп айтылат. Башкы ролду Кыргыз Республикасынын артисти Анара Назаркулова […]

Эртең “Азербайжан маданиятын таанытуу” күндөрү өтөт

Автор

Эртең, 21-февралда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде “Азербайжан маданиятын таанытуу” күндөрү өтөт. Анда коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү, элчилер Азербайжан элинин салт-санаасы, тарыхы жана үрп-адатынан кеп козгоп, жалпы маданияты тууралуу айтып беришет. Ошондой эле дүйнөгө белгилүү болгон түрк журналисти Сейфуллах Түрксой жазган Азербайжандын алгачкы президенти Гейдар Алиевдин өмүрү, саясий жолу жана эмгектери чагылдырылган […]

Кыргызстанда “Англис тили” жумалыгы өтүүдө

Автор

Кыргызстанда бардык мектептерде “Англис тили” жумалыгы өтүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жумалык Билим берүү жана илим министрлигинин 12-февралдан 19-февралга чейин республиканын бардык билим берүү уюмдарында “Англис тили жумалыгы” жарыялоо жөнүндө буйругунун алкагында өтүүдө. Буйрукка ылайык, жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери окуучулар арасында конкурстарды, көргөзмөлөрдү, […]

Бишкекте жаш төкмө акындардын айтышы өтөт

Автор

Бишкекте Кыргыз улуттук “Манас” театрынын төкмө акындары “Андай эмес…” аталышындагы айтыш-концертин тартуулайт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлайт. Жаш акындардын айтышы 17-февралда .Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драм театрында өтөт. Башталышы саат 17:00. Билеттерди театрынын кассасынан алсаңыздар болот. Баасы 500 сом.

Бишкекте Иран кино күндөрү өтүүдө

Автор

Бишкекте Иран кино күндөрү өтүүдө. Бул тууралуу Киноматография департаментинен билдиришти. Кино күндөрүнүн расмий ачылышы “Манас” кинотеатрында өтүп, режиссер Абас Асгаринин “Үмүт периштеси” анимациялык тасмасы көрсөтүлдү. Иш-чаранын ачылышына Маданият маалымат спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин директору Акжол Бекболотов, Ирандын Кыргызстандагы элчиси Голам Хосейн Ядегари, Ирадын Кыргызстандагы элчилигинин алдындагы […]