БУУ жарандык инфраструктурага кол салууларды айыптады

Автор

БУУ жарандык инфраструктурага ар кандай кол салууларга каршы экенин Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Белгородго чабуулуна байланыштуу дүйнөлүк уюмдун башкы катчысынын өкүлүнүн орун басары Фархан Хак билдирди. 12-майда Белгородду кезектеги аткылоодон кийин Харьковская Гора районундагы көп кабаттуу үйдүн биринчи кабатынан онунчу кабатына чейин подъезд ураган. Акыркы маалыматтар боюнча, алты адам көз жумса, […]

Бишкекте 230 окуучу катышкан робототехника боюнча олимпиада болуп өттү

Автор

Бишкекте 11-майда ЮВИС эл аралык мектебинде роботехника боюнча мектеп окуучулары арасында Ismart фестивалы болуп өттү. “Сапат” Эл аралык билим берүү мекемелери уюштурган фестивалга Кыргызстандын булуң-бурчунан 230 окуучудан турган 137 команда катышты. Олимпиадада катышуучулар 11 категория боюнча ат салышты. Сумо, роботтор жарышы, дрондордун таймашы, Голдберг кубогу, дрон-рейсинг, лайнфолловер, кегель ринг, майло […]

3 айда 690 млн доллар которулду

Автор

2024-жылдын январь, февраль жана март айларында Кыргызстанга 690 млн доллар которулса, анын 641,3 млн доллары Орусиядан келген. Улуттук Банк маалымдагандай, быйыл 2023-жылдын (611,4 млн) жана 2022-жылдын (521,3 млн) ушул мезгилдерине караганда келген акчанын суммасы көп.

Харьковдо абал оор экени айтылды

Автор

Харьков облусунда кырдаал курчуп кеткенин Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырский билдирди. Анын айтымында, Украинанын куралдуу күчтөрү аймактагы позициясын сактап калууга аракет кылууда, бирок кыйынчылыктарды башынан өткөрүүдө. Орус армиясы Украинанын аймагына терең кирүү максатында бир нече багытта активдүү чабуул жасоодо. Катуу коргонуу салгылашуулары жүрүп жатат. Чалгындоо, артиллериялык, учкучсуз системалардын […]

Быйыл үч айда орточо айлык акы 34 миң сомду түздү

Автор

Кыргызстанда чакан ишканаларды эсепке албаганда, бир кызматкердин номиналдык орточо айлык эмгек акысы 2024-жылдын январь-март айларына карата 34 миң 46 сомду түздү. Бул тууралуу Экономика жана соода министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11% га көп. Ал эми керектөө бааларынын индексин эске алганда реалдуу эмгек акынын өлчөмү 5,3% […]

Экс-министр кайрадан кызматка келеби?

Автор

Саясатчы Равшан Сабиров министрликтердин бирин жетектеши мүмкүн. Мындай маалыматты өздүк булактарыбызга билдиришкен. Тар чөйрөдө анын транспорт тармагын жетектеп калышы божомолдонууда. Равшан Сабиров өлкө жетекчилерине жакындыгы менен билинет. Ал 2022-жылы сентябрь айында кыргыз-тажик жаңжалынан кийин Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчилигинен өз арызынын негизинде бошотулган.