Эл баатыры Элмирбек Иманалиевдин китеби түрк тилинде чыкты

Автор

Кыргыз Республикасынын Баатыры Элмирбек Иманалиевдин “Аманат” поэтикалык жыйнагы түрк тилинде басылып чыкты. Бул тууралуу ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун Башкы катчысы Султан Раев соцтармактагы баракчасына жазды.
Маалыматка ылайык, китеп ТҮРКСОЙ уюмунун колдоосу менен Анкара шаарында жарык көрдү.
Султан Раев “ТҮРКСОЙдун колдоосу менен Анкарадан улуттук адабиятта чагылган огундай бир жанып, түбөлүккө из калтырып кеткен залкарыбыз Элмирбек Иманалиевдин, кыргыздын өзгөчө ойлоп, дүйнөнү өзгөчө кабылдаган акыны Эрнис Асек уулунун ыр китептери түрк тилинде жарык көрдү”, – деп жазды.

Бөлүшүү:
Next Post

Шайлоо өнөктүгүндө сахна урап, тогуз киши набыт болду

Мексиканын Нуэво-Леон штатындагы Сан-Педро шаарында шайлоого үгүт иш-чарасы учурунда сахна кулап, тогуз киши көз жумса, 63 киши жарат алды. Бул тууралуу штат губернатору Самуэль Гарсия билдирди. Окуя “Жарандык кыймыл” партиясынын талапкери Лорения Каннаватинин шайлоо өнөктүгү учурунда болгон. Аны менен бирге сахнага «Жарандык кыймылдан» Мексиканын президенттигине талапкер Хорхе Альварес Мэйнс, Нуэво-Леон […]

Сизге жагышы мүмкүн