Өткөн жылы Кыргызстандын ИДПнын көлөмү 1,2 трлн сомду түздү

Автор

2023-жылы экономиканын негизги көрсөткүчтөрүнүн өсүү тенденциясы сакталды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында айтылат. Ага ылайык, 2023-жылдын январь-декабрь айларында алдын ала баалоо боюнча, ички дүң продукциянын көлөмү 1,2 трлн сомду түздү, 2022-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу өсүү 6,2%ды түзгөн. Өсүүнү тейлөө тармагы – дээрлик 50,8%, өнөр жай – 32,3%, таза салык […]

ЕАЭБ менен Иран соода жүргүзүүгө даярданууда

Автор

ЕАЭБ өлкөлөрү менен Иран төлөмсүз соода боюнча келишимге дүйшөмбү күнү кол коюшу мүмкүн. ЕАЭБ менен Иран эркин соода аймагын түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү аяктап, 25-январда Санкт-Петербургда мамлекет башчыларынын жолугушуусунда келишимге кол коюу пландалууда. 2019-жылдан бери өлкөлөр ортосунда 12 миң товардын 360 гана товардык позициясын камтыган келишим күчүндө. Ошол эле учурда, жүгүртүү […]

Азык-түлүк рыногунда абал туруктуу

Автор

Кыргызстандын ички агро азык-түлүк рыногунда абал туруктуу. Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков министрликтин 2023-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарып жатып билдирди. Анын айтымына караганда, быйыл азык-түлүк коопсуздугу негизги социалдык маанидеги 5 азыктын түрү (сүт, эт, картошка, жашылча, кум шекер) менен камсыз болду. “Калган азыктардын 4 түрү (ун, өсүмдүк майы, жумуртка, […]

Кыргызстанда экономиканын өсүш темпи 104,4%ды түздү

Автор

2023-жылдын январь – ноябрында Кыргызстанда ички дүң продуктунун көлөмү (ИДП) 1 трлн 72,6 млрд сомду түздү. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди. Ал экономиканын реалдуу өсүш темпи 104,4% ды түзгөнүн белгиледи. Бул көрсөткүч 2022-жылдын ушул мезгилинде 106,3%га жеткен. “2023-жылдын жыйынтыгы боюнча ИДПнын өсүш темпи 104,5% түзөт, өнөр […]

Санариптик теңге ишке киргизилди

Автор

Алматыда Казакстан финансисттеринин XI конгрессинин алкагында санариптик теңгенин ишке киргизүү аземи өттү. Санариптик теңгедеги картаны колдонуу менен биринчи сатып алууну долбоордун бет ачарында Улуттук төлөм корпорациясынын төрагасы Бинур Жаленов ишке ашырганы өлкөнүн Улуттук банкынын сайтына жарыяланды. “Санариптик теңге накталай жана накталай эмес акчалардан тышкары улуттук валютанын үчүнчү формасы болуп саналат.  […]

Дүйнөлүк банк: Израилдеги согуш глобалдык экономикага олуттуу зыян келтириши мүмкүн

Автор

Израиль менен ХАМАСтын ортосундагы согуш глобалдык экономикага катуу сокку урушу мүмкүн.  Мындай божомолду Дүйнөлүк банктын президенти Аджай Банга Сауд Арабияда өткөн конференцияда билдирди.  «Израилде жана Газада болгон окуялар акыры дүйнөлүк экономикалык өнүгүүгө чоң таасирин тийгизет.  Менимче, биз абдан кооптуу учурда турабыз»,-деди ал.