Суук -35 градуска чейин жетет. ӨКМ чукул билдирүү таратты

Автор

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Кыргызгидромет кызматынын маалыматына ылайык, 2023-жылдын 13-декабрында туруксуз аба-ырайы сакталат.

Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарьнда, Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Ал эми Талас, Баткен облустарында дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт.

Зымдарга жана бактарга суу кар жабышып, жолдор тоңголок жана тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

13-14-декабрда абанын температурасы мындан ары төмөндөшү күтүлөт:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -20…-25 , түндүгүндө -23…-28, күндүз -12…-17 суук,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -22…-27, күндүз -10…-15 суук,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөнүндөрүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз -3…-8 суук,
Ысык-Көл ойдоңунда түнкүсүн 14…-19, күндүз -4…-9 суук,
Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн
-19., -24 болот.
Тоо этектеринде түнкүсүн -19…-24 , күндүз -13…-18 суук, тоолуу райондордо түнкүсүн -21 …-26, күндүз -14…19 суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -30…-35, күндүз -15…-20 суук.

Ал эми Суусамыр өрөөнүндө түнкүсун -29…-34, күндүз -15…-20 суук болушу күтүлөт.

Мындай суук аба-ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык казматтардын ишин кыйындатат.

Мындан улам Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алыскы жолго чыгууда жарандарды сак болууну эскертет.

Бөлүшүү:
Next Post

Холодец дүйнөдөгү эң начар тамактардын тизмесинде 67-орунду ээледи

Дүйнөнүн булуң-бурчунан салттуу тамактардын түрлөрүн тартуулаган TasteAtlas эң жагымсыз жүз тамактын тизмесин түздү. Рейтингдин авторлору тарабынан желатинге чыланган эттен жасалган закуска деп мүнөздөлгөн холодец тамагы 67-орунга ээ болду. Тизменин башында акула этинен жасалган хаукартл деп аталган исландиялык деликатес турат. Өткөн жылы орустарды щи аталышындагы шорпосу эң жагымсыз тамактардын тизмесинин башында […]

Сизге жагышы мүмкүн