Криштиану Роналду Европа футболунун тарыхындагы эң мыкты оюнчу аталды

Автор

Белгилүү “FourFourTwo” басылмасы португалиялык Криштиану Роналдуну Европанын тарыхындагы эң мыкты футболчусу деп жарыялады.
Англиялык журнал бул рейтингге Европа футболунун бүткүл тарыхындагы 100 мыкты оюнчуну киргизген, анда “Аль-Наср” клубунун чабуулчусу биринчи орунду ээлеген. Анын артында алдыңкы бештикте Йохан Кройфф, Франц Беккенбауэр, Зинедин Зидан жана Андрес Иньеста сыяктуу дүйнөлүк футболдун башка атактуулары турат.
Мыктылардын тизмесинин алдыңкы ондугунда Бобби Чарльтон, Герд Мюллер, Паоло Малдини, Хави жана Мишель Платини орун алган.
Кийинки орунда атактуу жана легендарлуу футболчулар: Ференц Пушкаш, Эйсебио, Марко ван Бастен, Жорж Бест, Тьерри Анри, Лотар Маттеус, Франко Барези, Лука Модрич, Лев Яшин, Рууд Гуллит жана башкалар кирген.

Бөлүшүү:
Next Post

24-майда күтүлгөн аба ырайы

24-майда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы: Чүй облусунуда түнкүсүн +9…+13, күндүз +22…+27 Талас өрөөнүндө түнкүсүн +8…+13, күндүз +19…+24 Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +24…+29 Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн […]

Сизге жагышы мүмкүн