“Mishelle” кафеси менен “Ала Арча” соода борборунун жаңжалы

Автор

“Ала Арча” соода борборунун жетекчиси кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Анда “Mishelle” кафеси “Ала Арча” соода борбору менен 6 айдан бери келишим түзбөй иштеп келатканы айтылат.
“Алар менен 4 жыл бирге иштештик. Учурда эч кандай келишим жок. Мыйзамды да, бизди да тоготпой ээлеген аянтчасын бошотпой келатышат. Депутаттарды же, күч органдарын аралаштырып, бизге басым көрсөтүп, батир акысын төлөбөй, ошол эле учурда кирешесин улантып, соода аянтын сактап калуу максатын көздөп жатканы көрүнүп турат. Ошолордун негизинде одоно оройлук менен соода аянтыбызды бербей жатат. Биз гана эмес мамлекеттик өрткө каршы кызматынын көзөмөлдөрүн четке кагып келет”,- деп билдирди.
Жетекчи маалымдагандай, Прокуратурага жана Бишкек шаардык мэрияга жардам сурап кайрылган. Бирок, жыйынтык болгон эмес.

Бөлүшүү:
Next Post

Маалымат жагынан Кыргызстан утулду

Чет элдик студенттерге кол салган окуя боюнча коомчулукта талаш – тартыштар токтой элек. Бул маселе Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында да козголуп, депутат Дастан Бекешев ички иштер министрлигин күнөөлөсө, депутат Элдар Абакиров “маалыматтык согушта эл аралык деңгээлде утулуп калдык. Соц тармактарда Кыргызстан жөнүндө терс пикирлер абдан көп. Андыктан, тышкы иштер министрлиги […]

Сизге жагышы мүмкүн