Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү Үзүр Жусупбеков Түркияда өтүп жаткан Дүйнөлүк лицензиялык турнирде Париж Олимпиадасына жолдомо утуп алды Кыргызстандык балбан 97 кг чейинки салмак чен бирдигинде 1/16 баскычынан баштады. Алгачкы беттешинде болгариялык балбанды жеңип, кийин финляндиялыкка утулуп калган. Бирок атаандашы финалга чыккандыгына байланыштуу көңүл жубатуучу беттеш өткөргөнгө мүмкүнчүлүк […]
Спорт
Марадонанын “Алтын топ” сыйлыгы аукционго коюлат
Белгилүү аргентиналык футболчу Диего Марадонанын 1986-жылы футбол боюнча дүйнө чемпионатында алган “Алтын топ” сыйлыгы аукционго коюлат. Аукцион Францияда 2024-жылдын 6-июнунда өтөт. Сыйлыктын потенциалдуу сатып алуучулары аны бир нече күндөн кийин коомдук көргөзмөдө көрө алышат. Эске салсак, Марадона 2020-жылы 25-ноябрда 60 жашында каза болгон. Аргентиналык футболчу 20-кылымдын мыкты футболчусу деп таанылган.
Жиу-житсу боюнча Азия чемпионатында кыргыз спортчулары 7 медаль утту
Кыргызстандын жаштар арасындагы жиу-житсу боюнча курама командасы 8-Азия чемпионатында 7 коло медалга ээ болушту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мелдеш Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында 3-майдан 8-майга чейин болуп өттү. Чемпионатка 30га жакын өлкөдөн келген 1300дөн ашык спортчулар катышты. Жеңүүчүлөрдүн тизмеси: -Султан Русланбеков(U-18, 69 кг); […]
БРИКС оюндарына катышуу үчүн 100 өлкөнүн спортчулары арыз берди
Алдыдагы БРИКС-2024 оюндарынын уюштуруучуларына сынакка катышуу үчүн беш миңге жакын арыз түшкөн. Бул тууралуу Спорттук жана социалдык долбоорлор дирекциясынын башкы директору Максим Денисов билдирди. “Кээ бир кошумчалар менен даярдыктар 15-майга чейин катышуучулардын жалпы тизмесин тактоо керек. Кээ бир өлкөлөр үчүн жетишсиз, бирок биз дагы эле кабыл алабыз деп ойлойбуз “, […]
УЕФА: Европа лигасынын финалисттери белгилүү болду
УЕФА Европа лигасынын 1/2 финалынын экинчи оюнунда германиялык «Байер Леверкузен» менен италиялык «Рома» беттешти. Командалардын ортосундагы биринчи жолугушуу 0:2 эсебинде Леверкузен шаарынын (Германия) командасынын жеңиши менен аяктаган. Жооптуу беттеш 2:2 эсеби менен аяктады. Байер 88-мүнөттө Манчининин автоголунун жана Йосип Станисичтин (90+7) голунун аркасында жеңилүүдөн кутула алды. Ошентип, эки жолугушуунун жыйынтыгы […]
Олимпиадагы жолдомо: Бүгүн кыргызстандык үч балбан мелдешке катышат
Бүгүн, 9-майда грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык үч балбан Олимпиада оюндарына жолдомо берген Дүйнөлүк лицензиялык мелдешке катышат. Бул тууралуу Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтында айтылат. Мелдеш 9-12-майда Түркиянын Стамбул шаарында өтөт. 9-10-майда грек-рим, 10-11-майда кыз-келиндер жана 11-12-майда эркин күрөш боюнча балбандар арасында таймаш болот. Бул мелдеште ар бир салмакта үчтөн балбанга Олимпиадага […]