Өзбекстан крим чөйрөгө согуш ачты

Автор

Өзбекстанда “Салимбай байбача” каймана аты менен белгилүү Салимбай Абдувалиев Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан кармалды. Кыргызстанда башталган крим чөйрө менен күрөшүү иш- чарасы өткөн апта Өзбекстанда уланып, анын натыйжасында, “Бахти Ташкентский” каймана аты менен белгилүү Бахтияр Кудраттилаев камакка алынган эле. Кечээ Улуттук коопсуздук кызматы “Салимбай байбачаны” үйүндө кармаган учурда анын ден соолугу начарлап кеткен. Ал ооруканадан кийин үйүнө баратканда кайрадан кармап, Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгына жеткиришти. Ал эми “Гафур чёрный” каймана аты менен белгилүү Гафур Рахимов өлкөдөн чыгып кетүүгө үлгүргөн. Ага укук коргоо органдары издөө жарыялады.

Эскерте кетсек, 2018-жылы Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаттары Нургазы Айдаров, Шаршенбек Абдыкеримов, Асылбек уулу Дамирбек, Салайдин Айдаров жана Оштун байы делген Жалил Атамбаевдер айтылуу Салимбай  Абдуваливди Ташкент шаарында зыярат кылышкан. Жолугушуу учурунда биздин депутаттардын “В мире, на планете Салимбай Кыргызбаевич с нами. За это мы гордимся. За Салимбай ака. Наша опора”,- деген сөздөрү коомчулуктун сынына кабылган.

Бөлүшүү:
Next Post

Экс-депутаттын уулунун 80 млн доллардык мүлкү аныкталды

Кыргызстандагы ири бизнесмендердин бири, “Алтын ажыдаар” рестораны жана “Сан сити” комплекстеринин кожоюну, Жогорку Кеңештин экс-депутаты  Борис Сандын уулу Александр Сан камакка алынган. Ал кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылап турган жана кылмыш дүйнөсүнүн каражаттарын адалдоого катышы бар деп шектелүүдө. УКМК билдиргендей, Сандын үй-бүлөсүнө таандык Бишкек, Чүй жана Ысык-Көл облустарында […]

Сизге жагышы мүмкүн