Айгүл Жапарова Москвада Кыргызстан аялдар кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту

Автор

Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова Москва шаарында 6-мартта өтө турган “Кыргызстан менен Россиянын аялдарынын келечек үчүн диалогу” аттуу биринчи кыргыз-россиялык аялдар форумуна катышуунун алкагында Кыргызстан Аялдар кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

 

Биринчи айым мекендештер менен жолугушуунун алдында иш-чара өткөн Кыргызстандын элчилигинин ишмердүүлүгү менен таанышып, Ак калпак күнүнө карата кичинекей кыргызстандыктардын өнөрүн көрдү.

Айгүл Жапарова өз сөзүндө тынчтыкты жана элдердин ортосундагы достукту чыңдоодо аялдардын маанилүү ордун, буга далил катары Биринчи кыргыз-россиялык аялдар форумунун өткөрүлүшүн белгиледи.

Ал Аялдар форумунун жана башка ушундай сыяктуу иш-чаралардын өткөрүлүшү салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарын сактоого жана аларды мындан ары жайылтууга оң таасирин тийгизерин, өсүп келе жаткан муундарды адеп-ахлактык жана руханий жактан тарбиялоодо салым кошуп жаткандыгын баса белгиледи.

“Аялзатынын негизги орду – эне болуу, балдарды татыктуу тарбиялоо, үй-бүлөдөгү коломто отун жандыруу жана сактоо экенин баарыбыз жакшы билебиз. Айымдардын уникалдуулугу мына ушунда. Заманга төп келген аялзаты бул негизги миссияларын ар кыл тармакта жасаган карьера менен чебер айкалыштырып, олуттуу ийгиликтерге жетишип жатканы мени абдан кубандырат. Бүгүнкү күндө аялзаты – үй-бүлө кутун, очогун сактоочу гана эмес, бардык кесиптин ээси, ошондой эле аялдар саясатчылардын, бизнесмендердин, ийгиликтүү адамдардын жана лидерлердин катарын толуктайт”, – деди Айгүл Жапарова.

Ошондой эле Айгүл Жапарова Россияда жашаган мекендештерге көрсөткөн колдоосу үчүн россиялык тарапка ыраазычылык билдирди. Ошол эле учурда ал мигранттарга байланыштуу өзгөчө көңүл бурууну жана чечүүнү талап кылган бир катар маселелер бар экенин баса белгиледи.

Бөлүшүү:
Next Post

АКШ Путин менен Зеленскийдин жолугушуусуна каршы экени айтылды

АКШ менен Улуу Британия украин жаңжалынын узартылышына кызыкдар экенин,  ошондуктан алар Түркиянын президенти Тайип Эрдогандын Владимир Путин жана Владимир Зеленскийдин жолугушуусун уюштуруу аракетине каршы экенин Коопсуздук жана тышкы иштер министрлигинин өкүлү Чагры Эрхан билдирди. “Алар Зеленский менен Путиндин  жолугушуусун, алардын биргелешкен сүрөтүн каалабайт. Украиналыктардын келечегин, тынчтык жөнүндө ойлошпойт. Биргелешкен сүрөт […]

Сизге жагышы мүмкүн