Экс-депутаттын уулунун 80 млн доллардык мүлкү аныкталды

Автор

Кыргызстандагы ири бизнесмендердин бири, “Алтын ажыдаар” рестораны жана “Сан сити” комплекстеринин кожоюну, Жогорку Кеңештин экс-депутаты  Борис Сандын уулу Александр Сан камакка алынган. Ал кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылап турган жана кылмыш дүйнөсүнүн каражаттарын адалдоого катышы бар деп шектелүүдө. УКМК билдиргендей, Сандын үй-бүлөсүнө таандык Бишкек, Чүй жана Ысык-Көл облустарында 59 кыймылсыз мүлкү аныкталган.  Алардын жалпы суммасы 80 млн долларды түзөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда бир жумада 500гө жакын мас айдоочу кармалды

Кыргызстандын аймагында 27-ноябрдан 3-декабрга чейинки аралыкта 20 миң 762 жол эрежесин бузуу фактысы катталган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) билдирет. Маалыматка ылайык, анын ичинде 494 айдоочу мас абалында рулга отурган. Андан тышкары: тийиштүү документи жок унаа башкарган 386 факты катталган; автоунаанын терезесин мыйзамсыз караңгылатуу – 63; […]

Сизге жагышы мүмкүн