Миңдей тажикстандык Москванын аэропортунда өтө албай турат

Автор

Орус бийликтери миңге жакын Тажикстандын жаранын Москванын аэропортторунда кармап жатканын Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык 27-апрелдин соңуна карата Внуково аэропортундагы убактылуу кармоочу жайда Тажикстандын 954 жараны, ичинде Россиянын жогорку окуу жайларында окуган студенттер болгон.
Көп саат күткөндөн кийин 322 жаран Россияга кирген. Ошол эле маалда 306 кишини “чыгаруу тизмесине” кошулары айтылган. Мындай чектөө чаралары Тажикстандын жарандарына гана тиешелүү»,-деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.
Жуковский, Домодедово жана Шереметьево аэропортторунда да бул абал байкалып, ондогон адамдар убактылуу кармоочу жайда турушат. Талапка жооп бербеген санитардык шарттарда кармалып, ысык тамак менен камсыздалбай жатканын белгилеген министрлик жарандарды Россияга барбоого чакырды.

Бөлүшүү:
Next Post

Эртең салык декларациясын кабыл алуунун акыркы күнү

Эртең, 30-апрелде жеке жактар жана жеке ишкерлер үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы эскертет. Бүгүн жана эртең бардык аймактык салык органдары декларацияны түнкү саат 24:00 гө чейин кабыл алышат. Эскерте кетсек, 1-майга чейин салык декларациясын төмөнкүлөр тапшырууга милдеттүү: – жеке ишкерлер, анын ичинде патент […]

Сизге жагышы мүмкүн