Эртең салык декларациясын кабыл алуунун акыркы күнү

Автор

Эртең, 30-апрелде жеке жактар жана жеке ишкерлер үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы эскертет.
Бүгүн жана эртең бардык аймактык салык органдары декларацияны түнкү саат 24:00 гө чейин кабыл алышат.
Эскерте кетсек, 1-майга чейин салык декларациясын төмөнкүлөр тапшырууга милдеттүү:
– жеке ишкерлер, анын ичинде патент менен иштегендер;
– менчигинде салык салынуучу мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар;
– юридикалык жак болуп саналбаган дыйкан жана фермердик чарбалар;
– мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын карамагында турган, илимий-изилдөө, чыгармачылык, окутуучулук, дарылоо-ден соолукту чыңдоо жана калкты тейлөө боюнча аткаруу-тескөө функциялары менен байланышпаган башка иштерди жүзөгө ашыруучу мекемелердин, ишканалардын же уюмдардын кызматкерлери;
– мамлекеттик же муниципалдык кызматчы болуп саналбаган, мамлекеттик үлүшү бар уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлери;
– эл аралык уюмдардагы ишинен киреше алган, жашап турууга укугу же кайрылман статусу бар жарандар;
– жыл ичинде 300 миң сомдон ашык суммадагы мүлктү сатып алган жеке жактар.

Бөлүшүү:
Next Post

Лионель Месси Американын кыялын ишке ашырды

“Интер Майами” клубунун башкы машыктыруучусу Жерардо Мартино аргентиналык чабуулчу Лионель Мессини инопланетянин деп атады. Бул тууралуу клубдун басма сөз кызматы жазып чыкты. Мартино мындай пикирин “Нью-Инглэнд” клубун женгенден кийин жасады. Месси дубль жасап, Интер Майамиге 4:1 эсебинде жеңишке жетишкен.. “Ооба, америкалыктар өз өмүрүн инопланетянин издөө менен өткөрүшкөнү анык болду, бирок […]

Сизге жагышы мүмкүн