Азербайжан менен Армениянын сүйлөшүүлөрү Алматыда өтөт

Автор

10-майда Алматыда Азербайжан менен Армениянын тышкы иштер министрлери Жейхун Байрамов менен Арарат Мирзояндын жолугушуусу болорун Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү билдирди.
«Жетишкен макулдашууларга ылайык, Азербайжан менен Армениянын тышкы иштер министрликтеринин жетекчилеринин сүйлөшүүлөрү 10-майда Алматыда өтөт»,-деди ал Астанадагы брифингде.
Сүйлөшүүлөрдүн башталышы жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн ачык болот.
Буга чейин Касым-Жомарт Токаев эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин Алматыда жолугушуусун кубаттады. Президент бул жолугушуу Түштүк Кавказда бекем жана узак мөөнөттүү тынчтыкты тез арада орнотууга көмөктөшөт деп эсептейт.

Бөлүшүү:
Next Post

Орус бийлиги эки Кыргызстандыкты сыйлады

Орус президенти Владимир Путин Кыргызстандын эки чиновнигин “Достук” ордени менен сыйлады. Алар Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат жана президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев. Мындай сыйлык эки өлкөнүн ынтымагына жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин чыңдоого кошкон салымдары үчүн берилгени маалымдалды. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн