Зиядин Жамалдинов баштаган Ош облусунун бир катар жетекчилери кызматтан бошотулду – тизме

Автор

Өздөрүнүн функционалдык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Ош облусунун бир катар жетекчилери ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ош облусунун жетекчилигинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча тиешелүү комиссия түзүлүп, анын жыйынтыгында алардын ишмердүүлүгүндө мыйзам бузуу фактылары аныкталган.

 

Буга байланыштуу бир катар жетекчилерди ээлеген кызматынан бошотуу сунушу киргизилди.

 

Мамлекет башчысынын чечими менен:

 

– Жамалдинов Зиядин Исламович КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү ээлеген кызматынан бошотулду;

– Жаныкулов Данияр Төрөгазиевич КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары ээлеген кызматынан бошотулду;

– Ногоев Турусбек Молдобекович Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими кызматынан бошотулду.

Бөлүшүү:
Next Post

Ош облусунун жаңы өкүлү дайындалды

Жантаев Элчибек президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду. Белгилей кетсек, облустун буга чейинки башчысы Зиядин Жамалдинов баштаган бир катар жетекчилер кызматтан бошотулган. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн