Мындан ары маршруткалар Чүй проспектиси менен каттабайт

Автор

Эми маршруткалар Чүй проспектиси менен каттабайт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 18-декабрдан тартып Чүй проспектисинин Ибраимов көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейинки бөлүгүндө маршруттук каттамдардын кыймылы толугу менен альтернативалык көчөлөргө – Киев, Токтогул, Фрунзеге багытталат.
Жогоруда көрсөтүлгөн участоктогу кичи автобустардын кыймылын өзгөртүү боюнча бул чаралар маршруттук схемаларды оптималдаштырууга байланыштуу кабыл алынууда.
Өзгөртүүлөр бир катар каттамдарга таасирин тийгизет, анын ичинде: №172, №169, №225, №163, №220, №203, №215, №136, №137, №104. , № 164, № 222, № 135, № 192, № 166, № 258, № 243, № 138, № 176, № 199, № 179, № 260, № 211, № 185, № 250, № 254, № 285, № 111, № 216, № 134, № 202, № 208, № 227, № 143, № 129. жана № 240.
Коомдук транспорт боюнча кайрылуулар үчүн байланыш номери: 0(502)205-202.

Бөлүшүү:
Next Post

Памирлик кыргыздарды колдоого 82 млн сом бөлүндү

Памирден келген этностук кыргыздарга 82 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти. Каражат Афганистандын Кичи жана Чоң Памиринен келген эностук кыргыздарга колдоо жана гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча Министрлер кабинетинин 2022-2024–жылдарга бекитилген программасынын алкагында бөлүндү. “Бөлүнгөн каражат этностук кыргыздарга тамак-аш азыктары, кийим, дары-дармек жана башка тиричилик буюмдарды сатып алууга жумшалат. […]

Сизге жагышы мүмкүн