Жусуп Коргонбай уулу: “Тууну оңдоп, түзөөдөн эч нерсе болбойт”

Автор

Бүгүн, 19-декабрда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети Мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун экинчи окууда карап жатат.
Жыйында депутат Жусуп Коргонбай уулу туунун авторлоруна кайрылып, “башында ката кетиргенсиңер. Бизди ызы-чуу кылбай эле туунун өңүн көк кылып, илбирстин сүрөтүн түшүрүп койсоңор болмок. Бензин түгөнгөндө кызыл жанат, жол чырак кызыл күйсө, токтойсуң, СССРдин байрагы дагы кызыл болчу, жок болуп кетти”,- деди. Ал оңдоп, түзөөдөн эч нерсе болбойт деп билдирди.
Эске салсак, Жогорку Кеңеш 29-ноябрдагы жыйынында туунун элементтерин өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун биринчи окууда көпчүлүк добуш менен кабыл алынган.
Желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун төрага Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов жазып, 28-сентябрда коомдук талкууга коюшкан. Анда документтин максаты “өлкөнүн мамлекеттик башкы символдорунун бири болгон тууну жакшыртуу” экени белгиленген.

Бөлүшүү:
Next Post

Кытайда катуу жер титирөөдөн 100дөн ашуун адам көз жумду

Кытайдын түндүк-батышында күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөө болду. Ганьсу жана Цинхай провинцияларында 111 адам өлүп, 230у жарадар болгонун Синьхуа агенттиги кабарлады. Европанын Жер Ортолук деңиз сейсмологиялык борборунун маалыматына караганда, жер титирөөнүн очогу Ланьчжоу шаарынан 102 чакырым түштүк-батышта, 35 чакырым тереңдикте болгон. Күчтүү жер титирөөнүн натыйжасында суу менен камсыздоо, электр […]

Сизге жагышы мүмкүн