Жалпы республикалык тестке каттоо 6-апрелде аяктайт

Автор

Жалпы республикалык тестке (ЖРТ) каттоо 6-апрелде аяктайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

 

Тестке каттоо мектепте окуган абитуриенттер үчүн окуган жайларда уюштурулуп, мурдагы жылдардын бүтүрүчүлөрү шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнөн өтүшөт.

 

Каттоодон өтүү үчүн керек болгон документтер:

  • паспорт (же, паспорт ала элек болсо, туулгандыгы жөнүндө күбөлүк);
  • орто билим жөнүндөгү аттестат (мурдагы жылдардын бүтүрүүчүлөрү үчүн);
  • ЖРТга каттоо акысы төлөгөндүгүн тастыктаган квитанция;
  • талаптарга ылайык келген электрондук сүрөт.

 

Белгилей кетсек, ЖРТга каттоо 2023-жылдын 27-февралында башталган.

Бөлүшүү:
Next Post

2022-жылы түз чет элдик инвестициялар $1 млрд ашты

Алдын ала маалымат боюнча 2022-жылы түз чет элдик инвестициялар $1 млрд 46 млн түздү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.   Министрликтин маалыматына ылайык, инвстициялардын көлөмү 4%га өстү. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн