Кыргызстан Иранга койдун этин экспорттой баштайт

Автор

Кыргызстан Иранга муздатылган койдун этин экспорттойт. Бул тууралуу Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, дээрлик 10 тонна койдун биринчи партиясын “Торо” ЖЧКсы касапканасы Иранга жөнөткөн.
“Кыргызстандан Иранга муздатылган койдун этин экспорттоо эки өлкөнүн соода алакасын өнүктүрүү үчүн маанилүү кадам болуп саналат. Иранда сапаттуу этке болгон суроо-талаптын өсүп жатканын эске алуу менен, мындай демилге Кыргызстандагы эт өндүрүүчүлөр үчүн гана эмес, бүтүндөй мамлекеттин экономикасы үчүн да пайдалуу болушу мүмкүн”, – деп белгиледи министрлик.

Бөлүшүү:
Next Post

Ташиев Кыргызстандын бокс боюнча курама командасы менен жолукту

Бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы – Улуттук бокс федерациясынын вице-президенти Камчыбек Ташиев 24-майда Бангкокто (Таиланд) өтө турчу лицензиялык олимпиадалык турнирге катыша турган Кыргызстандын бокс боюнча курама командасы менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда Камчыбек Ташиев улуттук курама командага олимпиадага лицензия алууда ийгиликтерди каалап, ар бир кыргызстандык спортчуда мекенге болгон сүйүү күчтүү […]

Сизге жагышы мүмкүн