28-декабрга карата аба ырайы

Автор

Кыргызгидромет билдиргендей, 28-декабрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Талас облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.
Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшөт. Батыштан клеген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарында айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…0, күндүз +10…+15,

Талас облусунда түнкүсүн -6…-1, күндүз +7…+12,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -1…+4, күндүз +11…+16,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +1…+6,

Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз -10…-5.

Бишкек шаарында түнкүсүн кар жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -2…0, күндүз +13…+15 градус жылуу болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Батыштын жардамысыз пенсия, маяналар кечеңдери айтылды

Евробиримдик менен АКШ 2024-жылдын башында каржылык жардам көрсөтпөсө, Украина миллиондогон жарандарына мамлекеттик кызматкерлердин маянасын жана пенсиясын төлөөнү кечеңдетүүгө аргасыз болот. Бул тууралуу Украинанын экономика министри Юлия Свириденко Financial Times гезитине берген маегинде билдирди. Анын айтымында, Киев 500 миң мамлекеттик кызматкердин жана 1,4 миллион мугалимдин маяналарын төлөөнү, 10 миллион пенсионердин пенсиясын […]

Сизге жагышы мүмкүн