Депутат мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты

Автор

Жогорку Кеңеште бардык эле депутаттар мыйзам долбоорун жазалбайт. Мыйзам жазган саналуу гана депутат бар. Алардын бири Марлен Маматалиев “Сейсмикалык коопсуздукту камсыз кылуу жөнүндө” мыйзам долбоорун иштеп чыгып, коомдук талкууга койду. Аталган мыйзам долбоору зилзала учурунда калктын өмүрүн сактап калуу, имараттардагы зыянды азайтуу, жер титирөөлөрдүн кесепетинен пайда болгон экономикалык жана материалдык жоготууларды алдын алуу иш – чараларын камтыйт. Эми ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар сейсмалогиялык абал боюнча мониторинг жүргүзүп, көзөмөлгө алышы керек.

Маалыматта өлкөбүздүн 12 району сейсмикалык кооптуу аймакта жайгашкан делет. Алардын ичинде Бишкек шаары, Аламүдүн, Сокулук, Базар-Коргон, Ноокен, Сузак, Ош шаары, Араван, Кара-Суу, Өзгөн, Кадамжай жана Кочкор райондору бар.

Бөлүшүү:
Next Post

Мыйзамсыз иштеп келген клиникалар жабылды

Жалал-Абад облусунда лицензиясы жок жеке менчик 78 тиш дарылоо клиникалары ишин токтотушту. Маалыматта айтылгандай, алардын баарында санитардык коопсуздукту бузуу фактылары катталган. Мындан сырткары алар адилет министрлигинде жана салык кызматында катталган эмес. Текшерүү учурунда, протездөө, имплантация жана тиштерди хирургиялык жол менен жулуп алуу же, дарыялоо боюнча атайын жогорку билими жок стоматологиялык […]

Сизге жагышы мүмкүн