ЖЭБди кытайлык адистер оңдойт

Автор

Бишкек жылуулук борборун (ЖЭБ) оңдоого кытайлык ТВЕА компаниясынын адистери келет. Бул тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев кытайлык ТВЕА компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Чжан Синь менен жолугушуусунда белгилүү болду.
Аталган министрликтен кабарлашкандай, анда ЖЭБдин №3 жана №4 блокторун оңдоо, эскилиги жеткен жабдууларды алмаштыруу тууралуу сөз болду.
«Жолугушууда ЖЭБдин №3 жана №4 блокторун оңдоо өнөктүгүнүн алкагында ТВЕА адистерин жөнөтүү чечими кабыл алынды. Алар кыргызстандык адистерди мындан ары өз алдынча оңдоо иштерин жүргүзүүгө даярдап, окутат», — деп жазылган маалыматта.
ТВЕА компаниясы 2014-2017-жылдары Бишкек ЖЭБин модернизациялоо иштерин жүргүзүп, 2018-жылы январда анда авария болгондон кийин териштирүү башталган.
Анын жыйынтыгында оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иштери козголгон. Бул үчүн мурдагы премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев жана Сапар Исаков баштаган бир топ жетекчиге айып тагылып, түрдүү жаза мөөнөттөрү чегерилген.
Эске салсак, быйыл 2-февралда да таңкы саат 3төр чамасында ЖЭБде катуу жарылуу болуп, электр энергиясын өндүргөн жана жылуулук берген отказандардын көбү өчүп калган.
Натыйжада борбор калаада жылуулук жана ысык суу берүү чектелип, 5-февралда толук калыбына келтирилген.

Бөлүшүү:
Next Post

Стамбулдагы шайлоодо Экрем Имам уулу үчүнчү жолу жеңишке жетти

Стамбулдагы шайлоодо жеңишти Экрем Имам уулу камсыздады. Ал шайлоочулардын 51.02 пайыздан жогорку добушун алды. 2019-жылдын 31-мартындагы шайлоодо 48.80 пайыз добуш алып, Стамбулда жеңишке жетишкен эле. Бирок, БШК анын жеңишин жараксыз деп таап, кайрадан шайлоо дайындаган. 23-июндагы экинчи жолку шайлоодо 54,21 добуш менен оппонентин жеңилүүгө учураткан. Ал эми Анкаранын мэри Мансур […]

Сизге жагышы мүмкүн