Мыйзамсыз иштеп келген клиникалар жабылды

Автор

Жалал-Абад облусунда лицензиясы жок жеке менчик 78 тиш дарылоо клиникалары ишин токтотушту. Маалыматта айтылгандай, алардын баарында санитардык коопсуздукту бузуу фактылары катталган. Мындан сырткары алар адилет министрлигинде жана салык кызматында катталган эмес. Текшерүү учурунда, протездөө, имплантация жана тиштерди хирургиялык жол менен жулуп алуу же, дарыялоо боюнча атайын жогорку билими жок стоматологиялык кызматтарды көрсөтүшкөн.

Жалал – Абад облусунда ушул кезге чейин 122 жеке тиш дарылоо клиникалары иштеп келген.

Бөлүшүү:
Next Post

Кадыр түн качан болору айтылды

2023-жылдагы Кадыр түн 17-апрелден 18-апрелге караган түнү белгиленет. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирет.   Кадыр түн орозонун 26-күнүнөн 27-күнүнө караган түнү белгиленип келет.   Бул түндө шариат, адеп-ахлак, куран жана хадис маселелеринен баяндар окулуп, Кадыр түн тоскондор таң атканча уктабастан, жакшылык тилешет. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн