Аптап саламаттыкты сактоо системасына түйшүк жаратууда

Автор

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) шаршемби күнү дүйнөнүн бир катар аймактарында орун алган аномалдуу ысык аба ырайы саламаттыкты сактоо тутумунун түйшүгүн бир топ жогорулатканын билдирди.

ДССУнун башчысы Тедрос Адханом Гебрейисустун айтымында, мындай аба ырайы кары-картаңдарга, балдарга жана жакырларга эң чоң коркунуч туудуруп жатат.

Уюмдун башкы директору Дүйнөлүк метеорология уюму менен биргеликте аномалдуу аба ырайына кабылган өлкөлөргө колдоо көрсөтүү үчүн иштеп жатканын белгиледи.

Бөлүшүү:
Next Post

Кытайдын Одессадагы башкы консулдугу жарылуудан жапа чекти

Кытайдын Одессадагы башкы консулдугунун дубалдарынын бир бөлүгү жана терезеси  жарылуунун толкунунан жапа чекти. Жабыркагандар жок. Кытайдын Тышкы иштер министрлиги сайтында билдирүү таратты. Анда “Кытайдын Одессадагы башкы консулдугунун жанында жардыруу болуп,анын  толкунунан дубалдардын бир бөлүгү, башкы консулдуктун терезелери талкаланган”,-деп жазылган. Маалыматка ылайык, Кытай тарап окуяларга көңүл буруп, тиешелүү тараптар менен кызматташууну […]

Сизге жагышы мүмкүн