Ошто эркектердин саламаттыгын текшерген бир айлык башталды

Автор

Ош шаарында жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу максатында эркектер арасында “Жооптуу бол” аттуу бир айлык акция старт алды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Акциянын алкагында Ош шаарындагы үй-бүлөлүк медициналык борборунун дарыгерлери шаардагы мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердеги эркектердин кан басымы, жүрөк кан тамыр, кант диабети ооруларын алдын алуу боюнча ден соолугун текшерип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт.
Белгилей кетсек, саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен жарыяланган акция 18 жаштан өйдө мырзалардын ден соолугуна кам көрүү максатында жыл сайын өткөрүлүп келет.

Бөлүшүү:
Next Post

Азиянын эң мыкты футболчулары аталды

Азия футболунун тарыхындагы эң мыкты оюнчулар аныкталды. Бул тууралуу атактуу “FourFourTwo” спорт журналы мыктылардын тизмесин жарыялады. Маалыматка ылайык, тизменин сап башында «Тоттенхэмдин» түштүк кореялык лидери Сон Хён Мин турат. Тарых бою Азия континентинен дүйнөлүк чемпионаттын баштапкыларынан баштап, Европа чемпиондугунун жылдыздарына чейин көптөгөн таланттуу футболчулар чыккан. Журнал өз өлкөсүнө дүйнөгө атак-даңк […]

Сизге жагышы мүмкүн