Айыл чарба министри кызматынан бошотулду

Автор

Аскарбек Жаныбеков айыл чарба министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
“Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри Жаныбеков Аскарбек Сапарбекович ээлеген кызмат ордунан бошотулду”, – деп айтылат билдирүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

26-декабрга карата аба ырайы

Эртең, 26-декабрда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 0…5, күндүз 2…7, Таласта түнкүсүн -2…+3, күндүз 1…6, Баткен, Ош, […]

Сизге жагышы мүмкүн