Кыргызстандык окуучулар информатика боюнча эл аралык олимпиадада 7 медаль жеңди

Автор

Кыргызстандык окуучулар Болгариянын информатика боюнча XV Эл аралык (International “Advanced Tournament in Informatics– John Atanasoff”) олимпиадасында 4 күмүш, 3 коло медаль жеңип алышты.
Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, 18-20-апрелде онлайн форматта өткөн олимпиадага 14 өлкөдөн Senior (15.5 жаштан жогорулар) жана Junior (15.5 жашка чейинкилер) тайпаларында 500гө жакын окуучу, анын ичинде Кыргызстандын тайпасында 36 окуучу катышты.
Күмүш медаль алгандар:
1. Алихан Айдарбеков, Нарын шаарындагы М.Субакожоев атындагы лицейинин 10-классынын окуучусу (Senior);
2. Али Арапов, Ош “Сема” лицейинин 8-классынын окуучуcу ( Junior);
3. Абдуллахан Абдирасулов, Ош “Сема” лицейинин 8-классынын окуучуcу (Junior);
4. Рамазан Маннанов, Кадамжай “Семетей” лицейинин 8-классынын окуучусу (Junior).
Коло медаль алгандар:
5. Эмил Талыпов, Бишкектеги “Газпром Кыргызстан” мектебинин 11-классынын окуучусу (Senior);
6. Санжар Садирбеков, Курманбек Баатыр атындагы Жалал-Абад лицейинин 10-классынын окуучуcу (Senior);
7. Нурислам Карыпжанов, “Манас Ата” Талас лицейиинин 9-классынын окуучуcу (Junior).
Команданын лидерлери жана машыктыруучулары – Кылычбек Урайымов, Медербек Осмонов, Артем Беляев, Мирбек Бакиров, Талант Арстанов, Зиядхон Атаходжаев, Бексултан Алмазбеков.

Бөлүшүү:
Next Post

Новак Жокович жылдын мыкты спортчусу деп табылды

Мадрид шаарында Сибелес сарайында спорттук Оскар деп да аталган “Laureus” сыйлыгын тапшыруу аземи өттү. Чоң шлемдин 24 жолку чемпиону, дүйнөнүн биринчи номери, сербиялык теннисчи Новак Жокович Laureus World Sports Awards версиясы боюнча 2023-жылдын спортчусу аталды. Жокович карьерасында бул сыйлыкка бешинчи жолу татыды. Ал буга чейин аны 2012, 2015, 2016 жана […]

Сизге жагышы мүмкүн