НАТОнун баш катчысы Киевге күтүүсүз келди

Автор

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Киевге күтүүсүз сапар менен келгени аскердик-саясий альянстын сайтында жарыяланды. Ал жерде Башкы катчы Украинанын президенти Владимир Зеленский менен бирге маалымат жыйынын өткөрдү.
Анда ал Patriot түзүмдөрүн жеткирүү альянстын артыкчылыктуу багыты экенин айтты.
Столтенберг Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн карамагындагы абадан коргонуу системалары оңдолушу керектигин, бул украин армиясынын коргонуусун чыңдоого жардам берерин билдирди. Украинага Patriot гана эмес, NASAMS системалары да керек экенин баса белгиледи.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте "алыш" бел боо күрөшү боюнча эл аралык мелдеш башталды

Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда “Алыш” бел боо күрөшү боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналган “Гран-При” эл аралык мелдеши башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мелдешке Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Украина, Индия жана Нидерландыдан келген 120дан ашык спортчу катышууда. Катышуучулар төмөнкү […]

Сизге жагышы мүмкүн