«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолу 4 миллиард адамды бириктирет

Автор

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» өлкөлөрүн аралап өткөн темир жол долбоору 4 миллиард адамды бириктирет деп билдирди Садыр Жапаров Баку шаарында өткөн БУУнун Борбордук Азия экономикалары үчүн Атайын программасынын (СПЕКА) мамлекет башчыларынын саммитинде сөз сүйлөп жатып.

Президент Эл аралык транспорттук коридорлорду диверсификациялоо биздин өлкө үчүн актуалдуу бойдон калып жатканын айтты.

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруунун стратегиялык долбоору өзгөчө мааниге ээ. Бул мега-долбоорду кыска жол менен ишке ашыруу биздин аймакты транспорттук туңгуюктан алып чыгат, болжол менен 4 миллиард адамды бириктирет, Азиядан Түркия аркылуу Европага, Жакынкы Чыгыш аймагына, Иранга, Перс булуңундагы өлкөлөргө жана Түндүк Африкага ташуулардын географиясын кеңейтет», — деди ал.

Бөлүшүү:
Next Post

Мэр кызматтан кетет

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевге 2024-жылдын биринчи кварталына чейин шаардын жол тыгынын чечүү тапшырмасы берилген. Мындай маалыматты министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. “Эгер март айына чейин маселени чечалбаса, ал кызматтан кетет”,- деди. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн