Учак кулаган жерден аман калгандар табылды

Автор

Афганистанда россиялык учак кулаган жерден аман калгандар табылды. Бул тууралуу өлкөнүн Афганистандагы элчилиги билдирди. Бул маалыматтарды федералдык аба транспорту агенттиги тастыктады.
Кырсыкка кабылган учакты жана борттогу алты адамдын төртөөнү жергиликтүү куткаруучулар табышкан. Алардын баары жарадар болушкан. Дагы экөөнүн тагдыры такталууда. Аман калгандардын бири – медицина кызматкери Игорь Сывороткин. Анын тирүү экенин туугандары кабарлашкан.
Лайнер 21-январда Афганистандын тоолоруна кулаган. Учакта Паттайя шаарындагы ооруканалардын биринен оор абалда төшөктөгү бейтапты Россияга алып келе жатышкан. Ал Россиянын жараны болгон жана күйөөсү коштоп, учактын акысын төлөп берген. Бортто медициналык бригада, экипаж болгон. Болжолдуу маалыматтар боюнча, учактын кыймылдаткычы иштен чыккан.

Бөлүшүү:
Next Post

“Камбар-Ата-1”, тышкы карыз, темир жол… Жапаровдун кезектеги маеги

Президент Садыр Жапаров «Кабарга» кезектеги кыскача маегин куруп, өлкөнүн тышкы карызы, “Камбар-Ата-1” ГЭСнин, “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорлорун ишке ашыруу боюнча маселелерге жооп берди. — Жаңы жыл алдында тышкы карызыбыз өсүп кетиптир деген сөздөр болду. Бул жаатта акыбал кандай? Чочулоого же кабатыр болууга негиз барбы? Карыз алып атабызбы, алсак кандай […]

Сизге жагышы мүмкүн