Киевде асманда ак жарык пайда болду

Автор

Шаршемби күнү кечинде Украинанын баш калаасынын асманда ак жарык пайда болду. Буга эмне себеп болгону азырынча белгисиз. Украин аскерлери спутниктин же метеориттин кулашы менен байланыштырууда.
Украина президентинин аппаратынын жетекчиси тараткан алгачкы маалыматка ылайык, буга Украинанын абадан коргонуу күчтөрү себеп болгон. “НЛО жөнүндө кабатыр болбоңуз. Бул биздин абадан коргонуубуз”,-деп жазган Андрей Ермак өзүнүн Telegram каналында, бирок, кийинчерээк бул билдирүү өчүрүлгөн.
Киев шаардык аскерий администрациясы 19-апрелдин кечинде Киевдин үстүндөгү көрүнүш NASA космос спутнигинин Жерге кулашынын натыйжасы экенин билдирди.
Бирок НАСА алардын спутниги кулаганы тууралуу маалымат чындыкка дал келбей турганын кабарлады.

Бөлүшүү:
Next Post

Эки түрдүү  кошулмалардан турган өзгөчө  десерт: Жасалышы

Эки түрдүү  кошулмалардан турган десерт : кант, май, жана каймаксыз. Курамында : -тазаланган банан – 300 г; -кара шоколад – 200 г. Жасалышы: Шоколадды майда бөлүктөргө бөлүңүз. Ылайыктуу идишке өткөрүңүз. Биз идишти микротолкундуу мешке салып, ар бирин 10 секунддан кыска импульстар менен эритебиз. Кесек болуп калбаш үчүн бат – баттан […]

Сизге жагышы мүмкүн