Навальныйдын сөөгү Москвада жерге берилди

Автор

1-мартта Москвадагы Борисов көрүстөнүндө орус оппозициясынын лидери Алексей Навальныйды акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Саясатчы менен коштошуу үчүн жүздөгөн адамдар жана бир катар мамлекеттердин өкүлдөрү келишти.
Салтанатка келгендердин арасында оппозициячынын ата-энеси Анатолий менен Людмила Навальный бар. Ошондой эле чет элдик элчилер келишти. Борисов көрүстөнүнүн жанынан АКШнын элчиси Линн Трейси, Франциянын элчиси Пьер Леви, Германиянын элчиси Александр Ламбсдорф, Канаданын элчиси Сара Тейлор жана Британиянын дипломатиялык миссиясынын башчысынын орун басары Том Додд көрүндү. Ошондой эле көрүстөндө Ирландия, Польша, АКШ, Греция, Бельгия жана Австриянын дипломатиялык номуру тагылган унаалар турду.
Ошол эле маалда интернетте жарыяланган кадрларга караганда, Алексей Навальный менен коштошуу үчүн жүздөгөн карапайым адамдар да келишкен.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандык балбандар Түркияда эл аралык мелдешке катышат

Кыргызстандын спорттук күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Түркияда өтө турган “Yasar Dogu&Vehbe Emre” эл аралык мелдешине катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мелдеш Анталия шаарында 7-11-март күндөрү өтөт. Грек-рим күрөш боюнча курама команданын тизмеси: – Курама команданын тизмеси: – 55 кг Улан Муратбек уулу; […]

Сизге жагышы мүмкүн