“Камбар-Ата-1”, тышкы карыз, темир жол… Жапаровдун кезектеги маеги

Автор

Президент Садыр Жапаров «Кабарга» кезектеги кыскача маегин куруп, өлкөнүн тышкы карызы, “Камбар-Ата-1” ГЭСнин, “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорлорун ишке ашыруу боюнча маселелерге жооп берди.

— Жаңы жыл алдында тышкы карызыбыз өсүп кетиптир деген сөздөр болду. Бул жаатта акыбал кандай? Чочулоого же кабатыр болууга негиз барбы? Карыз алып атабызбы, алсак кандай максаттарга?

— Мындан ары сырткы карыз алууда эч кандай чочулоого негиз жок, коркунуч да жок. Биринчиден, мурда алынган карыздар өзүн-өзү актаган долбоорлорго колдонулган эмес. Кумга сиңген суудай болуп эле жок болуп кеткен. Акыркы убактарда Түндүк-түштүк альтернативдик жолуна, Датка-Кемин, Бишкек ЖЭБине алынган карыздар болсо туура эле алынган. Бизге бул долбоорлор керек болгон. Бирок эки эсе кымбат болуп калган. Көзөмөл өтө начар болгон, уурдалган. Бул долбоорлор жарым баасына эле бүтмөк. Демек, өзүн-өзү актоо мөөнөтү кыска болмок.

Азыр эми ошол карыздарды төлөө мөөнөтү келип, төлөй баштадык. 2035-жылга чейин мурдагы алынган карыздарыбызды төлөп бүтөбүз. Айрым жарандарыбыз «эки-үч жылда эле төлөп салабыз дебедиңер беле, кана төлөгөнүңөр?!» деген сындарды айтып жатышпайбы. Бардык резервдерибизди топтоп, төлөп салсак болот.

Азыр мамлекетибиздин күч-кубаты жетет. Мурда андай эмес эле, аны жакшы билесиңер.

Бирок карыз алып жатканда, макулдашууда «эгер мөөнөтүнөн мурда төлөйбүз десеңер, анда үстөк пайызы алда канча жогору болот» деген шарттары бар экен. Ал бизге пайдасыз, ашыкча чыгым болуп калат. Ошол үчүн өз убагында эле төлөп бүтөбүз. Андан коркунуч жок. Себеби бюджетибиз канча эсе көбөйгөнүн көрүп турасыздар. Мурда бюждетибиз алсыз болгондуктан, чындыгында эле, сырткы карызыбызды кантип төлөйбүз деген коркунуч бар болчу.

Экинчиден, азыркы алып жаткан сырткы карыздарыбыз кайсы долбоорго, кандай шарт менен, кайсы мөөнөттө өзүн-өзү актаарын тактап, “жети өлчөп, бир кесип” анан алып жатабыз.

Бир эле мисал келтирейин. «Камбар-Ата-1» ГЭСин курууга карыз алууга даярбыз. Жакында алабыз. Эгер «Камбар-Ата-1» ГЭСи бүтсө, өзүн 12-13 жылда эле актайт. Андан кийин «Токтогул» ГЭСи сыяктуу өмүр бою мамлекетке пайда алып келет.

Ал эми «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолу бизди ойлондуруп турат. Өтө чоң сумма. Бул долбоор өзүн 35-40 жылда актайт.

Бирок кыргыз мамлекети дүйнөгө чыгууда туюк болбой транзиттик өлкөгө айланабыз. Ошондуктан, бул жол өмүр бою кыргыз элине, мамлекетибизге кызмат кылат.

Бул долбоорду сырттан карыз алуу жолу менен эмес, башкача жол аркылуу ишке ашыруунун жолун издеп жатабыз. Кудай буюрса, бул маселени да чечебиз. Темир жолду курууну жакынкы убакта баштайбыз.

Башка долбоорлорго алынып жаткан сырткы карыздарыбыздан эч кам санабай эле койсоңуздар болот. Азыр жасалып жаткан ар бир долбоор мамлекеттик бюджетке күч келтирбестен, өзүн-өзү актай турган долбоорлор.

Илгерки алынган карыздар кумга сиңген суудай эле болуп кетиптир. Же өзүн-өзү актаган эмес, же мамлекетке келтирген пайдасы болгон эмес.

Мындан ары андайга жол бербейбиз. Ар бир долбоорду “жети өлчөп, бир кесебиз”. Өзүн-өзү кыска мөөнөттө актабаган долбоорлорду кабыл албайбыз.

Ошондуктан чочулоого же кабатыр болууга негиз жок. Мындан ары бул теманы кеп кылбай деле койсо болот. Саясатташтыруунун кажети жок.

— Акыркы жылдары сугат суусунун тартыштыгы бизде эле эмес, коңшу өлкөлөрдө да сезилерлик байкалууда. Бизде бул көйгөйдү чечүү үчүн быйыл БСР, БДРлер куруларын билдирген элеңиз. Алар кайсыл аймактарда курулат? Белгилүү болгондой, кошуна мамлекеттер бизден барган сууну сугатка пайдаланышат. “Өзүбүзгө суу жетпей жатса кошуналарга суу бербей эле койсок кантет” дегендер да бар. Анан биз БСР, БДРлерге сууну топтоп алсак, суу агымынын төмөн жагында жайгашкандарга сугат суусу жетишпей калбайбы?

— БСР, БДРлер боюнча айтсам, илгерки курулган БСР, БДРлер жакшы каралбай, тазаланбай олтуруп, толуп калган. Ошентип, суу аз топтолуп, сугат мезгилинде суунун жетишсиздиги дыйкандарга дайыма көйгөй жаратып келген. Быйыл баарын тазалап жатабыз. Андан сырткары, өлкө боюнча жаңы БСР, БДРлерди курууга тапшырмаларды бердим.

Бул БСР, БДРлер биринчи кезекте бизден төмөн жайгашкан кошуналар үчүн чоң пайда.

Себеби биз сугат мезгилинде агып жаткан сууну талашып калып жатабыз. Эгер биз БСР, БДРлерге кыштын күнү алашалбырт болуп агып жаткан сууларды топтоп калсак, жаздан баштап агып жаткан суу толугу менен кошуналарга агып кирип турат.

Тагыраагы, буга чейинки алып жаткан көлөмдөн көбүрөөк суу алышат. Сугат мезгилинде биздин дыйкандар БСР, БДРлердеги сууну колдонушса, кошуналар агын сууну толук колдонушат.

Өткөндө Бишкектин ичин каптап кеткен сууларды көрдүңөр го. Жогору жакта тосуп алар БСРлер жоктугунан, шаардын ичине чейин агып келип, көчөлөрдү каптап жатат.

Эгер БСРлерибиз болгондо, ошол суулардын баары топтолуп калат эле да. Мындай көрүнүш өлкөбүздүн бардык аймактарында болуп жатат.

Эгер биз кышта ушинтип пайдасыз агып жаткан сууларды сактап калсак, кошуналарга да суу кенен жетмек. Биз келечекте суу талашпай, кыштын күнү пайдасыз агып жаткан сууларды үнөмдөп алуу максатын көздөп жатабыз.

Кошуналарга канча суу керек болсо, ошончо суу беребиз. Бул — турган иш.

Бир мисал келтирейин. «Камбар-Ата-1» ГЭСин куруп баштабадыкпы. Бул ГЭСтен суунун пайдасы кошуналарга тиет. Бизге электр энергиясы гана пайда. Биз Нарын суусунун 1 пайызын гана сугатка же ичүүчү суу катары колдонобуз. 99 пайызы Өзбекстан менен Казакстанга агып кирип кетет.

Эгер «Камбар-Ата-1» ГЭСи бүтсө, аны кыштын күнү электр энергия алыш үчүн иштетип, Токтогул ГЭСине чогулган сууну сугат мезгилинде кошуналарга жетишерлик көлөмдө берип турсак болот.

Азыр биз кыштын күнү Токтогул ГЭСин электр энергиясын алыш үчүн иштетебиз дагы, жайдын күнү жабышка туура келип жатат.

Себеби суу топтобосок, кийинки кышта өзүбүз электр энергиясыз калабыз. Мына ушундай проблемаларды чечиш үчүн иш алып баруудабыз.

Биз өзүбүздү эле эмес, кошуналарды дагы ойлоп иш кылып жатабыз. Түбөлүк кошуна болгондон кийин түпкүлүгүн да ойлошубуз керек.

Анан “биз суу башында турабыз, суу бербейбиз” деген акылга сыйбаган иш. Баарыбыз бир тууган элбиз, түбөлүк кошунабыз, бири-бирибизге көп нерселерден көз карандыбыз. Эми анын баарын атап олтурбайын, эл өзү жакшы билет.

Маектешкен Медербек Шерметалиев

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 22-январга карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 89.40 сомдон болсо, сатуу 89.70 сом болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 89 сом 31 тыйын деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн