Казакстандын Суу чарба жана ирригация министрлиги көл жана суу сактагычтар Россия Федерациясынан келген сел сууларына толуп жатканын билдирди.
«Россиядан келген 80 миллион метр куб сел суусу Батыш Казакстан облусунун Камыш-Самар көлдөрүнө жөнөтүлдү. Бул көлдөргө акыркы 20 жылдан бери суу кирген эмес»,-деп айтылат бейшемби күнү тараткан билдирүүдө.
Камыш-Самара көлдөрү сайгактар жана башка жаныбарлардын миграциялык жолундагы табигый суунун булагы болуп саналат.
Мындан тышкары адистер акыркы жылдары кургап бараткан табигый көлдөрдүн Эдилсор, Жалтыркөл, Бирказан, Соркол, Салтанат жана башка суу сактагычтарына сууну бура баштады. Ошондой эле Балхаш көлүнө жана Каспий деңизине суу жөнөтүү иштери уланууда.