17-майда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +23…+28,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +8…+13, күндүз +22…+27,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +13…+18, күндүз +25…+30,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +22…+27,
Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +23…+28.
Бишкек шаарында 17-майга караган түнү жаан жаашы мүмкүн, күндүз жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +14…+16, күндүз +25…+27 градус болот.