“Учурда бул жер үйсүз-жайсыздардын, жапайы мышыктардын жана аракечтердин аймагына айланып калды. Башка өлкөлөрдө ВДНХга жаштар барып эс алат, үйлөнгөндөр сүрөткө түшөт. Бизде болсо, кор болуп жатат”,- деп билдирди депутат Акылбек Түмөнбаев. Ал бул тууралуу бүгүн, 16-майда парламенттин жалпы жыйынында билдирди.
Түмөнбаев депутаттык топ түзүүнү жана мамлекетке кайтаруу маселесин карап чыгууну сунуштады. Депутат маалымдагандай, ВДНХ 1997-жылы 93 жылга ижарага берилип кеткен.