Ортомчу компаниялар 200дөй жаранды Мажарстанга таштап салышты

Автор

Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Сарбашов бүгүн, 16-майда парламенттин жалпы жыйынында жарандарды сырткы өлкөлөргө кетүү агымын токтотуп, жумушка орноштура турган ортомчу фирмалардын жоопкерчилигин кароо маселесин көтөрдү.
“Мына, учурда 200дөй жараныбыз Венгрияда жатат. Аларды ортомчу компаниялар алып барып, завод жабылып калды деп таштап салган. Мындай учурлар көп. Азыр жумуш орундары жаралып, анча мынча завод фабрикалар иштеп калды. Өзүбүздөн да иш тапса болот”,- деди эл өкүлү.
Андан сырткары экология маселесине токтолуп, табият менен таттуу мамиледе болуу, жаратылышты коргоо, айбанаттарга мээрим менен мамиле кылуу жана эң негизгиси, айлана – чөйрөнү таза кармоо маселесине жалпы кыргызстандыктардын көңүлүн бурду.

Бөлүшүү:
Next Post

Байден менен Трамп дебатка чыгышат

АКШ президенти Жо Байден менен талапкер Дональд Трамптын теледебаты 27-июнда жана 10-сентябрда болот. Байден менен Трамп CNN телеканалынын дебатка катышуу чакырыгын кабыл алышты. Шаршемби күнү экөө тең ABC телеканалынын 10-сентябрдагы экинчи дебатты өткөрүү чакырыгына макул болду. Шаршемби күнү эртең менен Байден Трампка чакырык таштаган видео кайрылуусун жарыялады. Трамп макул болуп, […]

Сизге жагышы мүмкүн