Тажикстанда Ташиев менен Ятимов жолугушту

Автор

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстадын Өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимовдун жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

Тараптардын жолугушуусу Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө жетекчилер кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун ишине оң баа беришти жана калган тилкелерде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын долбоордук линиясынын өтүүсүнүн сыпаттамасын аяктоо боюнча ишти активдештирүү зарылдыгын белгилешти.

 

Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайда өттү.

Бөлүшүү:
Next Post

Бажы төлөмдөрүнүн жыйымы 100 млрд сомдон ашты

Кыргызстанда жыл башынан бери Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан 100,8 млрд сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрү чогултулду. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Маалыматка ылайык, план 108,2%га аткарылды же 7,7 млрд сомго көп чогултулду. 2022-жылдын 11 айына салыштырмалуу түшүүлөр 35,2 млрд сомго көбөйдү, же өсүү темпи 153,7%ды түздү. Белгилей кетсек, бажы кызматы үчүн 2023-жылга […]

Сизге жагышы мүмкүн