Алымкадыр Бейшеналиев саламаттык сактоо министринин м.а. болуп дайындалды

Автор

Алымкадыр Бейшеналиев Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Бейшеналиев Алымкадыр Савирдиновичтин талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизилди.

Бөлүшүү:
Next Post

Гүлнара Баатырова Эмгек министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Баатырова Гүлнара Маришовна мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Гүлнара Баатырованын […]

Сизге жагышы мүмкүн